24.08.2018 15:05

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жараксыз деп табылды

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жараксыз деп табылды

«Коопсуз шаар» боюнча аукцион жараксыз деп табылды. Бул туурасында бүгүн маалымат жыйын учурунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.  

Анын айтымында, тендердик комиссия аукционду жараксыз деп тапты, андыктан, жакын арада кайра өткөрүлөт. 

«Божомолдорго караганда, тутумда кеткен катачылыктын «Коопсуз шаар» долбооруна тиешеси жок. Биз тандаган жолубуздан кайра тартпайбыз», —  деп белгиледи Шатемиров.

Эскерте кетсек, онлайн-аукцион кечээ ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн. Бирок, техникалык мүчүлүштүктөр орун алып, Мамлекеттик сатып алуулар порталы жеңүүчүнү көрсөткөн эмес.